Коронавируска карабай микрокредит алган калктын саны көбөйүүдө

12 июня 2020 12:49 1444 Barometr
Поделиться в:
ok

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл микрокредит алган калктын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында чакан насыя берүүчү уюмдар тарабынан 6 924,3 миллион сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 143,9 миң адамды түздү.

Эң көп сумма Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 20,4%), Бишкек шаарынын (17,1%), Жалал-Абад (14,9%) жана Чүй облустарынын (14%) тургундарына берилген.

Алардын 35,1% айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө алынган болсо, 11,7% соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө керектөө үчүн алынган.



Ссылка: https://barometr.kg/koronaviruska-karabaj-mikrokredit-algan-kalktyn-sany-kbjd



Добавить комментарий