Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин саны 232ге жетти

10 мая 2020 10:23 1269 Barometr
Поделиться в:
ok

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 10 медкызматкер сакайып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча коронавирус 232 медкызматкерге жуккан, бирок алардын ичинен 176 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эске салсак, Кыргызстан боюнча 10-майга карата илдет жуккандардын жалпы саны 1002 кишиге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/koronaviruska-chaldykkan-medkyzmatkerlerdin-sany-232ge-zhetti



Добавить комментарий