Коронавирус жуктуруп ооруканага жаткырылгын Жогорку Кеңештин экс-төрагасынын абалы айтылды
Поделиться в:
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 5-майда коронарус диагнозу менен коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев түшкөн. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дарылоо оор өтүүдө.
"Анын ден соолугунун абалы начарлашына байланыштуу, 12-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.
Мукар Чолпонбаев 1995-1997-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Чолпонбаев 70 жашта.
Добавить комментарий ×