Коронавирус жуктурган Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ооруканага жаткырылды

6 апрель 2020 09:38 917 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустан улам ооруканага жаткырылды. Британ өкмөтүнөн кабарлашкандай, премьер стандарттык текшерүү үчүн гана ооруканага алып келинген.

“Биз буга чейин кабарлагандай, премьер-министр сактык чаралары үчүн гана ооруканага алып келинди. Ал катардагы анализдерди тапшырат”, — деп айтылат маалыматта.

Ал ортодо Financial Times басылмасы Жонсондун жардамчысына таянуу менен премьер ооруканага шашылыш алып келинбегенин бышыктап жазды. Ага ылайык, өкмөт башчынын дене табы көтөрүңкү бойдон, бирок ал кызматын аралыктан туруп аткарып жатат.

Эгер Борис Жонсон кандайдыр бир себептерден улам өзүнүн милдетин аткара албай кала турган болсо, анын милдеттери толугу менен өлкөнүн тышкы иштер министри Доминика Раабга өтөт.

Буга чейин британ премьери коронавирус жуктуруп алганын айтып, үйүндө изоляцияга алынган болчу. Бирок ал ооруп калганына карабай ишин аралыктан туруп аткарып жаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhukturgan-uluu-britaniyanyn-premer-ministri-boris-zhonson-oorukanaga-zhatkyryldy



Добавить комментарий