Британиянын премьер-министри коронавирус жуктуруп алганын айтты
Бөлүшүү:
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус жуктуруп алганын өзү айтты.
Маалыматка ылайык, анда коронавирустун айрым белгилери байкалган. Учурда Жонсон Даунинг-стриттеги резиденциясында изоляцияга алынды. Ал түзүлгөн кырдаалга карабай өкмөттү аралыктан туруп башкарат.
Борис Жонсон 55 жашта.
Акыркы маалыматтар боюнча Улуу Британияда баш-аягы болуп 11 658 кишиге коронавирус жугуп, 578 киши каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/britaniyanyn-premer-ministri-koronavirus-zhukturup-alganyn-ajtty
Добавить комментарий ×