Коронавирус жугузган 41 медкызматкерге 200 миң сомдон компенсация төлөнөт

25 июня 2020 15:59 1107 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 41 медицина кызматкерине жумуш учурунда коронавирусту жуктуруп алган үчүн 200 миң сомдон компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басарына таянуу менен «Барометр» билдирет.

Учурда ар бир жуктуруп алган учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат.

"Биз алгач 24 кишини аныктаганбыз, андан кийин дагы 17 медицина кызматкерине да коронавирус жумуш учурунда жукканы такталды. Булардын баарына 200 миң сомдон төлөнөт. Тизмени өкмөткө бергенден кийин алар акчасын бөлөт", — деди Каратаев.

Ал коронавирустан улам каза болгон Жүзүмкан Көкүмбаева менен Альберт Исмаиловдун жакындарына 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн дагы 19 медицина кызматкерине коронавирус жуккан. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 648 учур катталды, алардын ичинен 396 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhuguzgan-41-medkyzmatkerge-200-mi-somdon-kompensaciya-tlnt



Добавить комментарий