Коронавирус жер шарындагы элдин үчтөн бирине жугушу мүмкүн

14 февраля 2020 09:34 1703 2 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Эгер бардыгы көзөмөл чыгып кете турган болсо коронавирус жер шарындагы элдин 66 пайызына жугушу ыктымал. Бул тууралуу Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюмунун кеңешчиси Айру Лонджини билдирди.

Bloomberg басылмасынын жазышынча, эксперт вирус жуккан киши айланасында 2-3 кишиге дагы жуктура турганын эске алуу менен ушундай жыйынтыкка келген.

Лонджини карантин киргизүү менен вирустун жайылуусун жайлатууга болорун айтып, бирок мындай кадамдар Кытайдын бир катар аймактарына жайылып кеткенден кийин кабыл алынганын эске салды.

Бейшемби күнү Кытайдын Хубэй шаарында вирус жукту делген адамдардын саны кескин жогорулаган болчу.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 1383 кишинин өмүрүн алып, 64 434 кишиге жуккан.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zher-sharyndagy-eldin-chtn-birine-zhugushu-mmkn



Добавить комментарий