Чет өлкөдөн келген кыргыз дарыгерлерине сыйлык тапшырылды (Сүрөт)

8 августа 2020 10:54 1817 Barometr
Поделиться в:
ok

Чет өлкөдөн келген кыргыз дарыгерлерине сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментине таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 7-августта Тышкы иштер министрлигинде коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстандын медициналык мекемелерине жардам көрсөтүү үчүн Россия Федерациясынан жана Түркия Республикасынан келишкен кыргыз дарыгерлерине ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлыктарды министр Чыңгыз Айдарбеков тапшырды.

Министр өзүнүн куттуктоо сөзүндө вирустук пандемияга каршы күрөштө дарыгерлердин баа жеткис салымын белгиледи жана алар көрсөткөн кесипкөйлүк консультативдик жардамдарды жогору баалады.

«Пандемиянын күчөгөн учурунда сиздер оор жана өтө оор абалдагы бейтаптардын өмүрлөрүн сактоо менен 3 миңден ашык адамдарга медициналык жардамдарды көрсөтүп, эң татаал участоктордо иштедиңиздер. Сиздер барыңыздар кызыл зонада эмгектендиңиздер, бирок клиникалык дарылоодон тышкары, семинарларда жана лекцияларда жергиликтүү дарыгерлерди окутуп, аларга дем берип, тажрыйбаңыздарды жана билимиңиздерди бөлүшүүнү уланттыңыздар. Албетте, сиздер учурдун баатырларысыздар», - деди Айдарбеков.

Ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана саламаттыкты сактоодогу ийгиликтери үчүн 7 дарыгерге «КР ТИМге 75 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды. «Covid-19» пандемиясы менен күрөшүүдө өзүн аябаган эмгеги жана салымы үчүн» 31 дарыгерге ТИМдин ыраазычылыгы жарыяланды.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-uchurunda-zhardamga-kelgen-darygerlerge-estelik-syjlyktar-tapshyryldy



Добавить комментарий