Коронавирус Түштүк Кореяны каптадыбы?

24 февраль 2020 09:48 820 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түштүк Кореянын дарыгерлери бир суткада эле коронавирус 161 кишиге жукканын аныктады. Ошентип өлкө боюнча бул дартка чалдыккандардын саны 763тү түздү. Бул тууралуу “Ренхап” агенттиги жазды.

Корей бийлигинин берген маалыматы боюнча Тэгу шаарында эле коронавируска 142 киши чалдыккан. Алардын көпчүлүгү “Синчхончжи” диний кыймылыгын чиркөөсүнө баргандар.

Саламаттык сактоо мининстрлиги вирустан жети киши каза болгонун маалымдады.

Ал ортодо президент Мун Чжэ Ин эпидемиологиялык коопсуздукту кызыл деңгээлге чейин көтөрүү керектигин айтты.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрында Кытайдан Ухань шаарында  коронавирус жайыла баштаган. Кийин бул дарт башка мамлекеттерге дагы жайыла баштаган. Акыркы маалыматтар боюнча 2522 кишинин өмүрүн алып, 80 миңге жакын кишиге жуккан.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-tshtk-koreyany-kaptadyby



Добавить комментарий