Коронавирус менен ооругандарда антителолор болжол менен беш айга чейин сакталат

2 ноября 2020 16:27 892 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкалык изилдөөчүлөр 75 жаштан улуу бейтаптарда антителолор бат жоголгонун аныкташты. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Нью-Йорктогу «Маунт Синай» медициналык борборунун окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коронавирус менен ооруп чыккан адамдарда антителолор болжол менен беш айга чейин сакталат. Изилдөөнүн жыйынтыктарын Science журналы жарыялаган. Алар кайрадан ооруп калуудан сактап же вирусту алсыздата алат.

Изилдөөгө коронавирусу тастыкталган 30 миңге чукул адам катышкан.

Буга чейин Лондондун Империя колледжинин илимпоздору жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коронавирус менен ооругандар кийин организмдеги антителолор бир нече айдын ичинде кайталап илдетти жугузуп алгандан сактабай турган деңгээлге чейин азайышы ыктымал. Коронавирус менен симптомсуз ооругандарда антителолордун деңгээли өзгөчө тез түшөрүн изилдөөчүлөр катташкан. Алар ошондой эле 75 жаштан улуу бейтаптарда антителолор бат жоголгонун аныкташты.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-menen-oorugandarda-antitelolor-bolzhol-menen-besh-ajga-chejin-saktalat



Добавить комментарий