Коронавирус менен ооруган жаштар көбөйдү

21 июня 2021 18:50 1935 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус жана пневмония менен ооругандар толуп калды. Бул тууралуу башкы дарыгер Гүлжигит Аалиев берген маалыматка шилтеме берип “Бармоетр” билдирет.

Маалыматка ылайык, жаштар жана балдар арасында оорулуу адамдардын саны көбөйдү.

«Өткөн жылы 20-40 жаштагыларды ооруканага жаткыруу сейрек көрүнүш болгон, быйыл көп болду. Баарынан да ооруканага жаш балдардын оор жана орто оор абалда келип жаткандары кейитет. Бейтаптардын санынын көбөйүшүнүн эки негизги себебин бар. Биринчиден, көпчүлүгү дарыгерлерге кеч кайрылышат. Экинчиден, балким, бул коронавирустун ар кандай штаммдарынын циркуляциясына байланыштуу болушу мүмкүн, мында оору тезирээк өнүгүп кетет”, - деди Гүлжигит Аалиев.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-menen-oorugan-zhashtar-kbjd



Добавить комментарий