Коронавирус: Кыргызстандагы мектептерде төртүнчү чейректи дистанттык түрдө өтөт
Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректи дистанттык түрдө окутууга даярданып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда каникул берилгендигине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги ЭлТРдин Билим жана Илим каналы менен биргеликте видео сабактарды 19-марттан даярдап көрсөтүп баштады.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы университеттер менен мектептер 8-апрелге чейин карантинге жабылган.
Мөөнөтсүз каникул улантыла турган болсо, 8-апрелден тарта орто мектептин окуучулары төртүнчү чейректи дистанттык (үйдө отуруп) негизде окууга киришет.
Окуучулар окуу программасына ылайык, жаңы темаларды видеосабактар аркылуу онлайн өздөштүрөт. Сабактар атайын түзүлгөн жадыбалдын негизинде «Баластан», «Билим жана Илим» телеканалдарынан берилет. Андан сырткары ушул эле сабактар ютубга, атайын порталга жайгаштырылат. Учурда Бишкек жана Ош шаарларынан тандалып алынган мугалимдер видеосабактарга тартылып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-kyrgyzstandagy-mektepterde-trtnch-chejrekti-distanttyk-trd-tt
Добавить комментарий ×