Коронавирус Кыргызстанда 39 дарыгерге жукту

10 апреля 2020 10:53 1077 Barometr
Поделиться в:
ok

10-апрелге карата коронавирус 39 дарыгерге жукканы тастыкталды. Анын ичинде бир суткада жаңы беш учур аныкталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйында билдирди.

Ал эми жалпы илдет жуккандардын саны республика боюнча 298 кишиге жетип, 5 киши оорудан каза болду.

Коронавирус жуктурган 39 дарыгер кайсы аймактарда:

• Ош облусунда – 21

• Жалал-Абад облусунда – 8

• Бишкекте – 8

• Чүй - 1

• Баткен облусунда – 1.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-kyrgyzstanda-39-darygerge-zhuktu



Добавить комментарий