Коронавирус: Кыргызстанда 146 киши карантинге алынып, көзөмөлдө
Кыргызстанда коронавирустан улам 146 киши карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуккан бир дагы учур катталган жок.
Ал ошондой эле, жашаган жери боюнча 531 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады. Алар 14 күн бою коомдук жайларга барбай, туугандары менен жолукпашы керек.
Бүгүнкү күнү өлкө боюнча 22 санитардык-көзөмөл посттору коюлуп, алар Кыргызстанга кирип жаткан жарандардын саламаттыгын текшерип жатышат.
Белгилей кетсек, былтыр декабрь айынын аягында чыккан Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус 2600дөн ашык кишинин өмүрүн алып, 77 миңден ашык кишиге жукту.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-kyrgyzstanda-146-kishi-karantinge-alynyp-kzmld
Добавить комментарий ×