Коронавирус илдети 195 медкызматкерге жукканы тастыкталды
Поделиться в:
Кыргызстанда коронавирус илдетине 195 медициналык кызматкер кабылганы ырасталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин КР Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Ал өз сөзүндө 30-апрелге карата бир суткада 4 медициналык кызматкерден табылганын кошумчалады. Алар:
Бишкек ш. – 1
Чүй облусунда – 2
Ош облусунда – 1.
Акматова андан сырткары бүгүнкү күнү 105 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкканына токтолду.
Эске салсак, 30-арпрелге карата оору 746 бейтапка жукканы аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-ildeti-195-medkyzmatkerge-zhukkany-tastyktaldy
Добавить комментарий ×