Кыргызстанда covid.kg деген сайт иштеп баштайт

4 августа 2020 15:19 1016 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда covid.kg деген сайт иштеп баштайт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын тапшырмасы боюнча, калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, ата мекендик IT адистер Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте жаңы ресурсту иштеп чыгышты.

covid.kg деп аталган коронавирус менен болгон абал боюнча бирдиктүү маалыматтык платформа, ал жерде мамлекеттик органдар жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө бардык маалыматты жайгаштырат жана бардык кызыкдар тараптар өздөрү үчүн кызыктуу маалыматты таба алышат.

Сайтта коронавируска каршы күрөшүү боюнча негизги маалыматтар келтирилген:

  • Айыккан жана ооруп калган адамдар жөнүндө акыркы жана расмий статистикалык маалымат;
  •  Ачылган стационарлар тууралуу;
  • Пандемияга каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу;
  •  Акыркы жаңылыктар;
  • Ыктыярчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат;
  • Гуманитардык жардам боюнча отчеттор;
  • Дүйнөлүк статистика;
  • Дарыгерлердин сунуштамалары.

Ошондой эле бардык суроолор боюнча кайтарым байланышуу мүмкүнчүлүгү каралган. Мындан тышкары, бул аянтчада берилген маалыматтын сапаты боюнча атайын сурамжылоо жайгаштырылган. Бардыгыңыздарды иштелип жаткан маалыматтык өнүмдөрүнүн сапатын жакшыртууга жардам берүүгө чакырабыз.

Онлайн ресурс https://covid.kg/ шилтемеси аркылуу жеткиликтүү.

Ресурс жооптуу органдардын маалымат базалары менен интеграцияланган жана маалымат эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен максималдуу иштөө принцибине ылайык үзгүлтүксүз жаңыланып турат.


Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-boyuncha-birdikt-maalymattyk-platforma-ishtejt



Добавить комментарий