Коронавирус: башка мамлекеттерде кандай чаралар көрүлүүдө
Коронавирус пандемиясынын алдын алуу үчүн бардык өлкөлөр чара көрүп жатат. Мындай аракеттерден Кыргызстан дагы четте калган жок. Атап айтканда, алгач өзгөчө кырдаал киргизилип, ал кийин өзгөчө абалга алмаштырылды. Андан сырткары Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары менен Кара-Суу, Ноокат райондорунда коменданттык саат киргизилди. Кечки саат 20:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин кишилер менен автоунаанын жүрүүсүнө тыюу салынды. Коронавирус табылган аймактарда санитардык-карантиндик режим күчөтүлүп, блокпосттор коюлду.
Ал эми дүйнөнүн башка мамлекеттеринде коронавирустун алдын алуу жана анын жайылып кетпеши үчүн кандай чараларды көрүп жатат? Аларды «Барометр» маалымат агенттиги тизмектеп көрдү.
Казакстан
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны 300гө чамалады. Учурда өлкө боюнча өзгөчө абал киргизилип, Нур-Султан менен Алматы шаарларында карантиндик-санитардык нормалар күчөтүлдү. Мындай аракеттер дагы бекеринен эмес. Анткени вирус жуктургандардын басымдуу бөлүгү дал ушул шаарларда.
30-марттан тарта дагы алты шаарга карантин киргизилди.
Германия
30-март саат 10:00гө алынган маалымат боюнча вирус 58 247 кишиге жугуп, 455 кишинин өмүрүн алды. 18-марттан тарта өлкө боюнча ооругандардын саны кескин өсө баштаган. Башынан эле тартипке көнгөн немистер үчүн кошумча эреже-тартип нормалары чыгарылды. Алардын ичинде бир жерде эки кишиден көп чогулууга тыюу салуу бар. Коомдук тартипке полициядан тышкары, элдик кошуундар дагы көз салууда. Коомдук транспорттор каттаганы менен анда эл дээрлик жок. Балдар аянтчалары атайын лента менен тосулуп, ойноого таптакыр тыюу салынган. Өкмөт карантин режимин бузгандарга 25 миң еврого чейин айып пул салынат.
Франция
Европанын бул мамлекетинде дагы коопсуздук чараларды күчөтүлгөн. Учурда Бишкекте иштеп жаткан “маршруттук листти” толтурган сыяктуу муктаждыгына жараша кайда баратканын жазып алышы керек. Сыртта зарыл иштерди бүтүрүүгө бир сааттан ашык убакыт берилбейт. Башында карантин режимин бузгандарга 135 евро айып салынса, азыр аны 375 еврого чейин көтөрүшкөн. Эгер режимди кайталап бузган болсоңуз миң евро төлөйсүз. Карантинге жалпысынан 100 миң офицер көз салышат.
Индия
Карантин режимин бузгандарды таяк менен бутка чаап тартипке салышууда. Ары-бери уруксаты жок баскандарга жазадан тышкары, ар кандай жазалоо колдонулууда. Арасында таяк менен уруу, керек болсо камап коюу дагы бар. Эрежеге баш ийбеген чет элдиктерге дагы катуу чара колдонуулуда. Ал жакта жашаган айрым чет элдиктердин социалдык тармактарга жазышынча жергиликтүү эл аларга кол көтөргөнгө чейин барышууда. Айрым учурда мындай көрүнүшкө полиция көз жумуп койгону да айтылууда.
Канада
Өлкөдө медициналык багытта колдонулбай турган жабдууларды чыгарган бир катар ири компаниялардын ишине эки жумага чектөө киргизилген. Бардык коомдук парктар жабылган. Киргизилген чектөөлөргө карабай паркта сейилдегендерге полиция 1 миң доллар айып салууда. Андан сырткары супермаркеттерде кишилердин кирип чыгышына да чектөө коюлган. Мисалы супермаркетке беш кишини киргизип, кайта беш кишини чыгаруу тартиби иштеп жатат.
“Барометр” маалымат агенттиги башка мамлекеттерде көрүлүп жаткан чараларга көз салып, өз окурмандарын алар менен кабардар кылып турат.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-bashka-mamleketterde-kandaj-charalar-krld
Добавить комментарий ×