Коронавирус: 4617 киши оорудан каза болду. Алдыда Кытай
12-март саат 9:00гө алынган маалымат боюнча коронавирустан каза болгондордун жалпы сына 4 617 кишиге жетти. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.
Ага ылайык, учурда вирус 123 778 кишиге жукканы расмий ырасталган. Ал эми 67 689 киши айыгып, ооруканадан чыкканы маалымдалууда.
Вирустан каза болгондор эң көп Кытайда катталды. Вирус 3 169 кишинин өмүрүн алган. Экинчи орунда Италия (827), үчүнчү орунда Иран (354).
Кайсы мамлекетте канча киши каза болду:
Түштүк Корея – 66;
Франция – 48;
Испания – 48;
Германия – 3;
АКШ – 35;
Diamond Princess кемеси – 7;
Япония – 12;
Швейцария – 3;
Британия – 8;
Нидерланддар – 4;
Швеция – 1;
Бельгия – 3;
Гонконг – 3;
Австралия – 3;
Канада – 1;
Ирак – 6;
Ливия – 2;
Сан-Марино – 2;
Египет – 1;
Таиланд – 1;
Филиппиндер – 2;
Тайвань – 1;
Индонезия – 1;
Ирландия – 1
Аргентина – 1;
Албания – 1;
Болгария – 1;
Панама – 1;
Морокко – 1.
Ал ортодо актер Том Хэнкс аялы Рита экөө коронавируска кабылганын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-4617-kishi-oorudan-kaza-boldu-aldyda-kytaj
Добавить комментарий ×