Коронавирус 295 миңден ашык кишинин өмүрүн алды

14 мая 2020 09:18 1571 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан 295 593 киши каза болду. Ошол эле маалда 4,3 миллиондон ашык кишиге илдет жукканы ырасталган. Ал эми 1,5 миллиондон ашык киши оорудан айыккан.

Оору жуккандар жана андан каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда. 1,4 миллионго жакын кишиден вирус табылып, ал 84 106 кишинин өмүрүн алды. Экинчи орунда Россия. Оору 242 271 кишиге жугуп, 2 212 киши анын курмандыгы болду. Алдыңкы үчтүктү Улуу Британия жыйынтыктайт. Бул мамлекетте 230 986 кишиден илдет табылып, 33 264 киши өлдү.

Ошондой эле, абал Испания, Италия, Бразилия, Франция, Германия, Түркия, Иран жана Кытайдын өзүндө оор бойдон. Бул мамлекеттерде күн сайын ооруга чалдыккандар менен каза болгондор өсүп жатат.

Кыргызстанда дагы коронавирус жуккандардын саны миңден ашты.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-295-miden-ashyk-kishinin-mrn-aldy



Добавить комментарий