Кыргызстанда коронавирустан экинчи адам каза болду

5 апреля 2020 15:48 1415 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавирустан экинчи адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

2020-жылдын 4-апрелинде Ош областынын Ноокат аймактык ооруканасында 80 жаштагы бейтапта COVID-19 вирусу тастыкталып, биологиялык өлүм аныкталды.

Бейтап чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келген, стационардык обсервацияда клиникалык көрсөткүчтөр боюнча дарыланып жаткан. Бейтап ооруканага жаткырылгандан бери республиканын алдыңкы медициналык адистери менен кеңеш алып, тиешелүү дарылануу жүргүзүлгөн. Бирок, бейтаптын ЭКГда миокарддын курч инфарк көрсөткүчү менен абалы чукул өзгөргөн. Жүргүзүлгөн ыкчам терапияга карабастан, бейтап каза болду. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-ekinchi-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий