Кордайда чыккан мушташтан улам казак жарандары Кыргызстанга агылып келүүдөбү? Видео

8 февраля 2020 14:03 10560 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда социалдык тармактарда кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пунктунда Казакстандан Кыргызстанга өтүүнү каалаган кишилердин тобу кезек күтүп турганы боюнча видеолор тарап жатат.

Видеонун алдында кишилер кечээ Кордайда болгон массалык мушташтан кийин өлкөдөн массалык түрдө чыгып жатканы жазылган.


Ал ортодо Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы чек арада топтошкон эл жок экенин билдирип, көзөмөл өткөрүү пункту кадимки тартипте иштеп жатканын маалымдады. Ошондой эле, дем алыш күндөрү аталган көзөмөл өткөрүү пунктунда элдин чогулуп калышы кадимки эле көрүнүш экенин, себеби ары-бери каттагандардын саны көбөйө турганын маалымдашты.

Кыргызстандын чек ара кызматы Казакстан менен болгон чек арадагы абал туруктуу экенин билдирип, “Кең-Булуң” жана “Токмок” көзөмөл өткөрүү пунктарында кишилердин саны көп экенин билдирди.

““Кең-Булуң” жана “Токмок” көзөмөл өткөрүү пунктарында кишилердин көбөйгөнү байкалууда. Негизинен алар Казакстандан Кыргызстанда карай өтүүнү каалаган аялдар менен жаш балдар. Чек арада абал тынч, эч кандай чыр-чатак болгон жок”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы бардык көзөмөл өткөрүү пунктары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/kordajda-chykkan-mushtashtan-ulam-kazak-zharandary-kyrgyzstanga-agylyp-keldb-video



Добавить комментарий