Коопсуздук кеңеши Түркия тараптан «гүленчилердин» 130 кишиден турган тизмеси берилбегенин айтты
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүнкү маалымат жыйында Анкара Кыргызстандын бийлигине «гүленчилердин» 130 кишиден турган тизмесин бергени жана аларды өткөрүп берүүнү талап кылганы тууралуу түрк медиасында чыккан кабарга жооп берди. Сагынбаев 130 кишиден турган тизме кимдир бирөө тарабынан ойлонуп табылган жана өлкө ичинде резонанс жаратуу үчүн таркатылган маалымат экенин айтты.
«Дагы бир жолу белгилей кетейин, 130 кишинин тизмесин же башка бир тизмени түрк тарап кыргыз тарапка берген жок», -деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Белгилей кетсек, буга чейин түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга сапарында Фетхуллах Гүлендин кыймылынын 130 мүчөсүнүн тизмесин кыргыз бийлигине бергени тууралуу турк басылмалары жазып чыккан.
Добавить комментарий ×