“Коопсуз шаар” долбоору боюнча сынакка кайсы компаниялар катышканы азырынча белгисиз
Поделиться в:
“Коопсуз шаар” долбоору боюнча сынакка кайсы компаниялар катышканы 23-августта белгилүү болот. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен билдиришкендей, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча сынакка кайсы компаниялар катышканын аныктоонун убактысы 23-августка жылдырылды.
Буга чейин айтылгандай, сынакка кайсы компания катышканы бүгүн, 10-августта гана белгилүү болмок.
Маалымдалгандай бул сынакка катышууга 3-4 компания кызыгуусун билдирген.
Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча сынак онлайн түрдө өтөт. Долбоор боюнча сынак 20-июлда жарыяланган.
Добавить комментарий ×