Жаш талант Мария Кондратьева Британияда өткөн “Golden time talent” эл аралык сынагына катышып 1- орунду багындырды
Петр Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин окуучулары эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Маалым болгондой, Петр Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин окуучулары бир катар эл аралык сынактарга онлайн режиминде катышып, байгелүү орундарга жетишүүдө.
Атап айтсак, аталган мектептин окуучусу Мария Кондратьева Улуу Британияда өткөн “Golden time talent” эл аралык сынагына онлайн катышып 1- орунду багындырып, атайын сертификат менен сыйланган жана кийинки жылы да сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Эске салсак, Мария Кондратьеванын мугалими А. Ж. Мамбеталиева.
Ошондой эле, 2023-жылдын март айында окуучу Диана Мамаюсупова Италияда өткөн көп жанрдык олимпиадага катышып, пианисттер арасында 1-орунду багындырган. Диана Мамаюсупованын мугалими Г. Ф. Шипулина.
Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын декабрь айында Испанияда «World art Games» онлайн сынагы өткөн. Ал сынакка аталган мектептин окуучусу Асият Султанова катышып, 1-орунга жетишкен. Асияттын мугалими С. Е. Астафурова.
Петр Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин окуучулары эл аралык кароо-сынактардан тышкары республикалык кароо-сынактарга дагы активдүү катышып жатышат.
Тактап айтканда, 2023-жылдын 20-31- март күндөрү Бишкек шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында көрүнүктүү композитор жана пианист Сергей Рахманиновдун 150 жылдыгына арналып өткөрүлгөн «Приношение русской музыке» аттуу жаш аткаруучулардын V республикалык кароо-сынагына катышып, соло пианино, кылдуу аспаптар, үйлөмө жана урма аспаптар 3 номинация боюнча алдыңкы орунду алышкан.
Добавить комментарий ×