Коопсуз шаар долбоору боюнча айыппулдарга тез жардам унаасы алынат
Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдардан жыйналган каражаттардын 50% тез жардам унаасын алууга жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Премьер-министри Кубатбек Боронов өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тез жардам унааларын сатып алуу үчүн атайы аккумуляцияланган 145 млн сом суммасындагы акча каражаттары боюнча ыкчам тартипте тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды.
“Өкмөтүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56-токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң, каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда. Аталган токтомдо 50% калдык максаттуу түрдө милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында «медициналык тез жардам унааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн» топтолоору тууралуу талап киргизилген. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тийиштүү даярдык иштери башталды”, - деп айтылат маалыматта.
Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдардан жыйналган каражаттарды ак ниет жана натыйжалуу өздөштүрүү маселесине артыкчылыктуу көңүл бурулат.
Добавить комментарий ×