Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 4 млн сомго жакын каражатты үнөмдөп, бюджетке кайтарды

13 января 2023 21:28 1552 Barometr
Поделиться в:
ok

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысы 4 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөп, мамлекеттик бюджетке кайтарды

2022-жылга Акыйкатчы Институтуна бюджеттен 60 146,6 миң сом каралган. Анын ичинен 86% эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө, командировкаларга - 1,8%, коммуналдык кызматтарга - 3,2%, транспорт кызматтарына - 1,9%, башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга - 1,6%, учурдагы оңдоого - 3,1% (пайдаланылган эмес) жана башка чыгымдарга.

2022-жылдын августунда Кыргызстандын президенти мамлекеттик кызмат системасын реформалоонун алкагында Акыйкатчы аппарат кызматкерлеринин эмгек акысын эки эсеге көбөйткөн, бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат – 24 миллион сомго жакын бөлдүрүү керек эле.

Бирок, Акыйкатчы аппаратынын ишин кардиналдуу реформалоо менен мамлекеттик ресурстарды оптималдаштыруунун натыйжасында бюджеттик каражаттарды олуттуу үнөмдөөгө жетишүү мүмкүн болду.

Кошумча каржылоону талап кылбастан, бекитилген бюджеттин чегинде иш алып баруу менен 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) А. Абдрахматова 4 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөп, мамлекеттик бюджетке кайтарды.

Ссылка: https://barometr.kg/akyjkatchy-atyr-abdrahmatova-4-mln-somgo-zhakyn-karazhatty-nmdp-byudzhetke-kajtardy



Добавить комментарий