"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

8 мая 2020 17:27 1130 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө“, "Жарандык коргонуу жөнүндө“ мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди. 

Мыйзам 2020-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен инфекциялык оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу келип чыккан учурда чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилгенде адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөөлөрдүн тизмесин киргизүү каралган.

Андан тышкары, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам реакция кылууга башкаруу, күч органдарынын жана каражаттардын даярдыктарын камсыз кылуу максатында «Жарандык коргонуу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Сунушталып жаткан өзгөртүү боюнча зарыл болгон (адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген) учурда өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси адамдардын жана транспорттун өзгөчө кырдаалдын зонасына кирүүсүн убактылуу чектейт, өзгөчө кырдаалдын зонасында жайгашкан уюмдардын ишин убактылуу токтотот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/koomduk-salamattyk-saktoo-zhnnd-myjzamga-zgrtulr-kirgizildi



Добавить комментарий