Конор Макгрегор кайрадан карьерасын жыйынтыктады
Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) 2 салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор кайрадан карьерасын жыйынтыктап жатканын билдирди. Бул тууралуу маалыматты ал социалдык баракчалардын бирине жайгаштырган.
"Салам, достор. Мен беттештерди токтотууну чечтим. Эсте калган учурларым үчүн сиздерге ыраазычылык. Бул сүрөттү апам экөөбүз Лас-Вегастагы мен чемпион болгондо тартканбыз. Кыялдар орундалат " - деп жазган спортчу.
Эскерте кетсек, Ирландиялык мушкер былтыр мартта дагы карьерасын жыйынтыктап жатканын айтып, бирок кайра бир жумадан кийин спортко кайтканын билдирген.
Макгрегордун соңку кармашы быйыл 19-январда Лас-Вегастагы UFC 246 турниринде өтүп, беттештин 40-секундасында америкалык Дональд Серронени техникалып нокаут менен жеңип алган.
Конор бир ай мурда америкалык боксчу Оскар Де Ла Хойянын беттешүү чакырыгын кабыл алган эле.
Ссылка: https://barometr.kg/konor-makgregor-kajradan-karerasyn-zhyjyntyktady
Добавить комментарий ×