Конор Макгрегор Хабибке реванш үчүн 15 миллион доллар сунуштады
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду кайрадан реваншка чакырууда. Ал бул жекеме жеке таймаш үчүн Хабибке 15 миллион доллар сунуштады. Бул тууралуу маалыматты "Спорт-экспресске" Нурмагомедовдун агасы Алекс Нурмагомедов билдирди.
Анын айтымында Хабибти бул реванш таптакыр кызыктырбайт жана ал кандай суммадагы акча сунуштаса да бул кадамга барбайт. -Ал бул сунушка "жок" деп гана жооп берди. Конор башкалар менен мушташа берсин, Хабиб болсо Майвезер менен беттешкенден кийин карьерасын токтотот, -дейт Алекс Нурмагомедов.
Эске салсак UFC турниринде жеңишке жеткен Хабиб Нурмагомедов бир нече күндөн кийин бүгүнкү күнгө чейин бир да жолу жеңилүү ызасын тартпаган мушкер Флойд Майвезерди жекеме жекеге чакырган. Бирок ошол эле учурда мушкер беттештин Лас-Вегастан башка шаарда өткөрүүнү талап кылган. Бул талабын ал "Лас-Вегас менин акчаларымды бербейт экен" -деп түшүндүргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/konor-makgregor-habibke-revansh-chn-15-million-dollar-sunushtady
Добавить комментарий ×