Комада жаткан аял төрөп, ошол абалында дагы 3 жыл жатты

29 мая 2018 03:20 1892 Barometr
Поделиться в:
ok

Шериста Джайлс балага болгон сүйүү керемет күчкө ээ экенин даңазалады. Дарыгерлер анын абалына шектенүү менен карап: бала төрөлгөндөн кийин бир нече күндөн кийин көз жумат, - деп божомолдошкон. Бирок, ал баласынын алгачкы кадамдарын көрүп, биринчи сөздөрүн угуп, анан кийин жашоо менен кош айтышты. 2014-жылы Теннеси шаарынын жаш тургуну Шериста Джайлс жол кырсыгына кабылып, оор жараат алгандыгын Daily Mail басылмасы билдирди.

Ал кезде Шериста 4 айлык боюнда бар болгон жана адистер анын көз жумаарына 98 % кепилдик беришкен. Кыз комада узак убакыт жатканы менен анын курсагындагы баланын өсүүсү улана берген жана анын жыйынтыгына көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгерлер да таң калышкан. Кыз уул төрөп, атын Лейтон коюшкан.

Төрөттөн кийин абалы кыйла оорлой түшкөн Шериста бир нече күндөн кийин эсине келип, уулун көргөн. Бирок кыймылдай жана сүйлөй алган эмес. Таң калыштуусу комадагы кыз ушул абалында 3 жыл жашап, уулунун толук кандуу өсүп жатканына күбө болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/komada-zhatkan-ayal-trp-oshol-abalynda-dagy-3-zhyl-zhatty



Добавить комментарий