Кочкордогу жол кырсыгынан бир аял жана өспүрүм кыз жабыркады
Поделиться в:
Кочкор районунда болгон жол кырсыгынан эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.
Ведомство берген маалыматка таянсак, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 170-чакырымында же болбосо Семиз-Бел айылынын тушунда «Ауди 80» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа ала салып кеткен.
Кырсыктан 1974-жылы туулган Э.Н. жана 2007-жылы туулган Э.К. жабыркады.
Кырсык болгон жерде 4 куткаруучу иштеп, жабыркагандарды унаадан чыгарып тез жардамдын бригадасына өткөрүп беришти.
Жабыркагандардын абалы орто деп бааланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kochkordogu-zhol-kyrsygynan-bir-ayal-zhana-sprm-kyz-zhabyrkady
Добавить комментарий ×