Кочкордогу кырсыктан каза болгондор жубайлар, үчүнчү жаран кызы болгон

21 декабря 2018 10:09 1278 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кочкордо жол кырсыгынан каза болгондор жубайлар экени аныкталды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Нарын ОИИбинен билдиришти. 

"Жол кырсыгынан улам Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургундары 1949-жылы төрөлгөн А.К. жана 1952-жылы төрөлгөн О.Ж. аттуу жубайлар каза болгон. Ошондой эле кырсыктан 1970-жылы төрөлгөн А.К. аттуу аял оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген"-деп билдиришти. 

Үчүнчүсү жубайлардын кызы болгон. Ал жандандыруу бөлүмүндө комада жаткандыгын өздүк булактар ырасташты. 

Эске салсак, 19-декабрда Нарындын Кочкор айылында  "Ауди-100" унаасы менен мам.№08KG618ACQ КамАЗ унаасы кагышкан. Кырсыктан 2 адам каза болуп, бир адам катуу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.


Ссылка: https://barometr.kg/kochkordogu-kyrsyktan-kaza-bolgondor-zhubajlar-ekeni-ajtyldy



Добавить комментарий