Кочкордо камаз менен жеңил унаа кагышып, 2 адам каза болду
Поделиться в:
Нарындын Кочкор айылында "Ауди-100" унаасы менен мам.№08KG618ACQ КамАЗ унаасы кагышты. Кырсыктан 2 адам каза болуп, бир адам катуу жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 2018-жылдын 19-декабры саат 19:42 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында болду.
Куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган адам райондук ооруканага жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-kamaz-menen-zheil-unaa-kagyshyp-2-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×