Кочкор районунда беш чабан бороондо калды. Бирөө көз жумду

10 июня 2019 12:38 1033 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын областынын Кочкор районунда бийик тоолуу ашууда бир чабан көз жумганын КРнын ӨКМ кабарлады.

8-июнда Туз аймагынын беш тургуну 1968-жылы туулган М. К., 1986-жылы туулган М. Б., 1990-жылы туулган Т. у. Т., 1988-жылы туулган Р. Б., жана 1985-жылы туулган С. М., Соң-Көл жайлоосуна мал айдап бара жаткан.

Алар Туз айылына жакынкы Конок ашуусунда туманда, бороондо калышкан. Чабандардын бири М. К., кан басымы көтөрүлүп көз жумган. Андан тышкары 30 кой, ат жана эшек жардан кулаган.

9-июнда чабандын туугандары жардам сурап кайрылган. Ал жакка жөнөтүлгөн ӨКМнын алты куткаруучусу, эки медицина кызматкери, төрт жергиликтүү тургун малды жыйнап, Туз айылына түшүргөн. Көз жумган адамдын сөөгү жакындарына берилди. Калган төртөө ооруканага жеткирилди. Абалдары жакшы.

Ссылка: https://barometr.kg/kochkor-rajonunda-besh-chaban-boroondo-kaldy-bir-kz-zhumdu



Добавить комментарий