Күндүн ысыгынан жолдор жарылып жатат

29 июнь 2019 12:36 1569 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Германиянын бийлиги катуу ысыктан улам жолдордогу ылдамдыкка чектөө киргизди. Бул тууралуу Bloomberg кабарлады.

Катуу ылдамдыкта жүрө турган жолдордо унаа ылдамдыктары саатына 100 чакырымга  чейин ылдыйлатылды. Анткени ысыктан улам жолдун таманына төшөлгөн материалдар жарылып кетип авария коркунучтары келип чыгууда.    

Түндүк Африкадан келген ысыктан улам жолго төшөлгөн материалдар кеңейип кетип жатат. Кээ бир жерлерде тратуралар көтөрүлүп, томпоюп чыгып жарылып кетип жатканын жолду техникалык тейлөө кызматтары кабарлашууда.

Германия ысыктын 45 градуска  жетиши күтүлүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kndn-ysygynan-zholdor-zharylyp-zhatat



Добавить комментарий