Өкмөт: Монополияга каршы агенттик ун менен нандын баасын белгилейт
Премьер-министр Мухаммедкалы Абылгазиев маалымат жыйында Кыргызстандын Монополияга каршы аганттиги бүгүн, 16-мартта ун менен нандын баасын аныктай турганын билдирди.
Ага ылайык, ун менен нандын баасы белгиленген баадан ашпаш керек. Андан сырткары элди дүрбөлөңгө салган кыймыл-аракеттерди токтотуу керектигин кошумчалады.
Эл нанды, унду, өсүмдүк майын канчадан алыныш керектигин билиши керек. Муну буга чейин эле жасасаңар болмок деди. Бирок биздин айрым соодагерлер мындайга барарын күткөн эмеспиз”, — деди ал.
Абылгазиев соцтармакта ушак таратып жаткандар жоопко тартыларын эскертти.
Эске салсак, дем алыш күндөрү Бишкектеги дүңбазардар менен айрым соода-борборлорунда эл азык-түлүктү көп сатып ала башташкан. Айрым жерлерде 1300 сом болгон бир мүшөк ун 2000 сомго чейин чыгып кеткени айтылган. Андыктан өкмөт башчы өзү жеринен барып таанышып, элдин көйгөйүн уккан.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-monopoliyaga-karshy-aganttik-un-menen-nandyn-baasyn-belgilejt
Добавить комментарий ×