Россиядан сатып алынган буудайдын экинчи партиясы Кыргызстанга келди
Россиядан сатып алынган буудайдын экинчи партиясы Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бул жолу 11 вагон – 760 тонна дан алынып келинди. Жакынкы күндөрү дагы 53 вагон буудай жеткирилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россиядагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Бүгүнкү күндө анын 1800 тоннага жакыны келди.
КР өкмөтү тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында сатып алынган буудайдын курамындагы белоктун көрсөткүчү жогору.
Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өлкөдө ун жана дан азыктарына болгон таңкыстык жок.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-lkg-rossiyadan-satyp-alyngan-buudajdyn-ekinchi-partiyasyn-alyp-keldi
Добавить комментарий ×