Кыргызстанга чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

23 марта 2020 08:37 1146 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт Кыргызстандын аймагына чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизди.Бул тууралуу  Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын Кыргызстандын аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2020-жылдын 17-мартындагы өлкөгө чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө Өкмөттүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Эскерте кетсек, ушул буйрукка ылайык, 2020-жылдын 19-мартынан тартып өлкөгө чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдардан же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдардан тышкары жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы буйругуна ылайык көрсөтүлгөн категориядагы чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдарга же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдарга дагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин өлкөгө кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. 

 Өкмөт тарабынан кабыл алынган чектөө чаралары Кыргыз Республикасынын аймагына COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөөгө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун сактоого гана багытталган.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-kyrgyzstandyn-ajmagyna-chet-eldikterdin-kirsn-ubaktyluu-chekt-kirgiz-zhnnd-bujrukka-zgrtlrd-kirgizdi



Добавить комментарий