Өкмөт дары жана почта жөнөтмөлөрүн ташууга чектөө киргизген эмес

13 июля 2020 17:03 1846 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт дары-дармек жана почта жөнөтмөлөрүн ташууга чектөө киргизген эмес. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдөн жеке тапшырык боюнча дарыларды жана башка жөнөтмөлөрдү жеткирүүгө чектөө киргизген эмес.

“Өкмөт чет жактардан жеке тапшырык боюнча дары каражаттарын жана башка жөнөтмөлөрдү жеткирүүгө эч кандай чектөө киргизген эмес. Ушул сыяктуу чектөөлөр тууралуу социалдык тармактарда жайылган маалыматтар чындыкка дал келбейт», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин интернет айдыңында дары-дармек жана башка нерселерди чет өлкөдөн алып келүүгө тыюу салынды деген кеп тараган.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-dary-karazhattaryn-zhana-pochta-zhntmlrn-tashuuga-chekt-kirgizgen-emes



Добавить комментарий