Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды

10 февраля 2021 09:29 4711 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 10-февралда эртең менен жарыялаган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Аталган чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов  кол койгон.

"Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун башка чечими менен Нургазиев Эрмек Белековичти Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, өкмөт башчы Улукбек Марипов Эрмек Нургазиевди 8-февраль күнү кечинде мэр кылып дайындаган, 9-февралда эртең менен ал мэрияга тааныштырылган.

Кийинчерээк, 9-февралда президент Садыр Жапаров "артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес" деп билдирген. 


Ссылка: https://barometr.kg/kmt-bashchy-maripov-nurgazievdi-bishkek-shaarynyn-merinin-mildetin-atkaruuchu-kylyp-dajyndoo-chechimin-zhokko-chygardy



Добавить комментарий