Өкмөт балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү кошумча барактарды колдонуудан чыгарат

20 мая 2020 15:42 2144 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов өкмөттүн 2019-жылдын 6-мартындагы  № 106 «16 жашка чыга элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө кошумча барактарды колдонуудан чыгаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» токтомуна ылайык Мамлекеттик каттоо кызматына жана Тышкы иштер министрлигине 2019-жылдын 1-июлунан тартып баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргызстандын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты берүүгө документтерди кабыл алууну, ошондой эле аны берүүнү токтотуу  тапшырмасы берилгенин айтты.

“Бул чечим, кошумча барактардын коргоочу элементтерди өзүнө камтыбагандыгына байланыштуу кабыл алынган”, – деди Тилек Батырканов.

Жогорку Кеңештин жыйынында “2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-baldardyn-tuulgandygy-tuuraluu-kblgndg-koshumcha-baraktardy-koldonuudan-chygarat



Добавить комментарий