Бир суткада 112 номуруна коронавирус боюнча 600 чалуу түшкөн
9-апрель күнү өлкө боюнча 19 500 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Андан сырткары жалпысынан 12077 орундук даярдалган. Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө ( меню алмаштырылып турат). Ал эми өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 58 мобилдик турак-үй орноштурулган.
ӨКМдин 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 8595 чалуу катталып, анын ичинен 600 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.
Өлкөдө уюштурулган постторго дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 349 куткаруучу жана 99 унаа тартылган.
Ссылка: https://barometr.kg/km-tarabynan-atkarylgan-ishter-boyuncha-kyskacha-maalymat
Добавить комментарий ×