ӨКМ обсервацияда жаткандарга тамак кандай жасалып жатканын көрсөттү - видео

19 мая 2020 18:13 758 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги обсервацияда жайгаштырылган жарандарга күнүгө 3 маал ысык тамак-аш өз убагында берилип жатканын билдирди. Министрлик тараткан видеода тамактар кантип жасалып жатканы көрсөтүлгөн. Анда ашпозчулар суюк кезме, палоо жасап жатат.

Министрлик ошондой эле, меню такай өзгөрүлүп турат деп ишендирди.

Эске салсак, обсервацияга алынгандар 14 күндүк карантинди сактайт. Алар эки жума бою медкызматкерлердин көзөмөлүндө болуп, керектүү болгон медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин 18-майга карата берген маалыматы боюнча Кыргызстан боюнча обсервацияда 2153 адам жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/km-observaciyada-zhatkandarga-tamak-kandaj-zhasalyp-zhatkanyn-krstt-video



Добавить комментарий