Клиптерди көркүнө чыгарган Назира Бердигулова эне статусуна ээ болду

22 февраля 2019 16:17 3247 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын ырчыларынын бир нече клиптеринин көркүн ачкан актриса Назира Бердигулова көз жарды. Бул тууралуу Самара Каримова өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасынан Бердигулованы куттуктады.

Ал Назира Бердигулова экөө түшкөн сүрөттү жүктөп:

"Бүгүн дагы соонун жаңылык. Назира эже Данияр жезде кызыңыздардын өмүрү узун болсун! Бактылуу болуңуздар. Жакшылыгыңыздарды тең бөлүшөбүз", -деп кубанычтуу куттуктоо постун жазып чыкты.

Жаңылыкты уккан көпчүлүк "быйыл шоу-бизнестегилердин баардыгы кырк жылкылуу болуп жатышатго, сүйлөшүп алгандай" дешип актрисанын дарегине куттуктоолорду жаадырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/klipterdi-krkn-chygargan-nazira-berdigulova-ene-statusuna-ee-boldu



Добавить комментарий