Клара Алибекова Айчүрөк Иманалиева тууралуу: "Мени азыркы ситуацияга аралаштырбагыла суранам”

14 май 2019 18:07 12246 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Буга чейин ырчы Жанин Ахунжанова Айчүрөк Иманалиеванын театрында иштеп жүргөндө 4 жыл бою кыйынчылык көрүп бирок ошентсе да ырдап чыга албаганын айтып интервью берген эле. Аталган маектен кийин Айчүрөк Иманалиева бардык болгон окуяны орозо айы бүткөндөн кийин айтып берээрин айткан.

Айрымдар Иманалиева менен болгон мындай жагдайлар Анжелика Кайратова менен да Клара Алибекова менен да болгонун айтып чыгышты. Ушактарга чек коюу максатында Алибекова Айчүрөк айымдан эч кандай кыйынчылык көрбөгөнүн жазып чыкты. Ал өз сөзүндө:

“Улуу орозо айында чындыгын айтам. Мен Айчүрөк эжемдин асыл саппаттарын асыл сапаттарын гана алып келем. Эжемдей бардык жагынан бийик болгум келет. Мени азыркы ситуацияга аралаштырбагыла суранам”, -деп кайрылуу жасады.

Бул билдирүүнү Айчүрөк Иманалиева да бөлүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/klara-alibekova-ajchrk-imanalieva-tuuraluu-meni-azyrky-situaciyaga-aralashtyrbagyla-suranam



Добавить комментарий