Ырчы Айчүрөк Иманалиева: "Жамиля мен жөнүндө айтканына улуу орозо бүткөндө баарына жооп берем" Бул буйрутмабы?
Буга чейин Barometr.kg сайтына Жанин Ахунжанова аттуу ырчынын Айчүрөк Иманалиева тууралуу берген маеги тууралуу маалымат чыккан эле. Аталган маалымата Жанин Айчүрөк Иманалиева ага кордук көрсөткөнүн жана өзүнөн мыкты болуп кетпеши үчүн ырдатпай койгонун айтып берген. Бул интервьюдан кийин легендарлуу ырчы Айчүрөк Иманаиевага Barometr.kg сайтынан байланышканыбызда:
“Мен бул тууралуу эч кандай сөз айтпайм. Кааласаңар ошол Жанинден интервью ала бергиле, мен эч кандай жооп бербейм. Эптеп мени каралап жатат”, –деп катуу жинденип жатканын билдирди.
Бирок ага карабай интаграмдагы баракчасына:
“Кыз бурактын солисткасы деп сайттарда жүрөт. Жамиля (Жамин) мен жөнүндө интервью берип. Улуу орозо буткөндө баарына жооп берем”, -деп жазганы бар.
Ага кошумча пикир калтыргандарга берген жоопторунда “Менин баламдан кордук көрдүм дептир ал кезде балам 6 жашта болчу экен” деген жообун узатып айрымдарга “бул буйрутма” деп жооп берген.
Эске салсак, ырчы буга чейин Анжелика Кайратова менен да жогоруда аталган жагдайга туш болгон эле.
Добавить комментарий ×