Көк-Жар конушунда эркек киши аялды муунтуп өлтүрдү

6 сентября 2021 09:20 1599 Barometr
Поделиться в:
ok

Киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды, бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

3-сентябрда эртең менен милицияга Көк-Жар конушундагы үйлөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барган. Милициялар каза тапкан аялдын өздүгүн аныкташты, ал 1972-жылы туулган М.З. болуп чыкты.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине Кылмыш кодексинин 130-беренеси  (“киши өлтүрүү”) менен катталды.

Октябрь  РИИБинин 4-шаардык милиция бөлүмүнүн участкалык милициялары тарабынан шектүү, 1991-жылы туулган И.Э.кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сурак маалында а лкылмыш болгон учурда мас абалында болгонун, аял менен уруша кетип аны муунтуп салганын айтты.

Тергөө уланууда.


Ссылка: https://barometr.kg/kk-zhar-konushunda-erkek-kishi-ayaldy-muuntup-ltrd



Добавить комментарий