Көк бөрүдөн президенттин кубогун "Достук" командасы утту
Поделиться в:
Оштун «Достук» командасы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган Көк-бөрү боюнча президенттин Кубогу мелдешинде чемпион болду.
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өткөн финалдык таймаш Таластын «Ынтымак» Оштун «Достук» командаларынын ортосунда өттү.
Биринчи бөлүк 1 упай менен «Ынтымак» командасынын, экинчи бөлүк 1 упай менен «Достук» командасынын пайдаласына чечилди.
Мелдештин тагдырын үчүнчү бөлүк чечти. «Ынтымак» 1 ал эми «Достук» 2 улак таштап чемпиондук наамды жеңип алды.
Ссылка: https://barometr.kg/kk-brdn-prezidenttin-kubogun-dostuk-komandasy-uttu
Добавить комментарий ×