Көк бөрү. Казакстан кайрадан оюндун эрежелерине нааразы. Кыргызстан тай-казандын алынышына каршы
Бүгүн, 7-декабрда Бишкекте 9 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан көк-бөрү боюнча Эл аралык конгресс болуп өттү.
Конгресстин жүрүшүндө эл аралык федерациянын вице-президенти Набиджан Жороев көк-бөрүнүн азыркы эрежелери талаш жаратат жана бир чечимге келиш керек деген пикирин билдирди.
Ага кошумча Жороев Монголия эл аралык уюмга мүчө болгондугу тууралуу айтып анын пресс-катчысы болуп Жыргалбек Саматов дайындалганын кабарлады.
Казакстандын этноспорт Ассоциациясынын директору Рахат Жаксыбай:
"Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көк-бөрү Кыргызстандын эрежелери менен өткөрүлдү. Регламентке карасаңар кыргыз федерациясы деп жазылып турат, ал жакта эч кандай эл аралык федерациянын эрежеси тууралуу сөз болгон жок. Бул Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы эле маселе эмес. Бул жерде биз Өзбекистан менен Тажикистандын да позициясын карашыбыз керек." -деди өз сөзүндө. Ал эл аралык деңгээлде оюндун эрежеси такталбаганын айтып бирдиктүү стандарттарды кабыл алууга чакырды.
Ал эми кыргыз федерациясынын башчысы Жыргалбек Саматов бул пикирди четке какты:
"Биз Дүйнөлүк оюндарды өткөрбөдүкпү, демек биз белгилүү тартипте эл аралык федерациянын эрежелерин колдондук. Кыргыз федерациясынын гана эрежеси менен өттү деген сөз туура эмес. Мен 2019-жылы Өзбекистанда өткөрүлүүчү Азия чемпионаты жана 2020-жылы Туркияда өтүүчү Төртүнчү Дүйнөлүк оюндар дал ушул эл аралык эрежелер менен өтөт деп ишенем." -деди ал.
Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин эл аралык федерация оюндун жалпы эрежесин бекитүү үчүн 2019-жылдын январь айында Ташкентте чогулмай болушту.
Эске салсак, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда көк бөрү оюнунунун эрежелери тууралуу пикир келишпестиктер биринчи жолу болуп турган жок. Кыргызстанда көк бөрү тай-казан менен ал эми Казакстанда ансыз өткөрүлөт. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак көк бөрү командасы иай-казанды алууну талап кылып ультиматум коюшкан. Талаптары ишке ашпагандан кийин үйлөрүнө кайра кетишкен. Кийин кайра келишип Өзбекистан курама командасы менен беттешип үчүнчү орунду алышкан.
Эгер тарыхка кайрыла турган болсок, анда эл аралык федерация түзүлгон күндөн баштап оюн дайыма тай-казан менен өткөрүлүп келген. Бирок Биринчи Дүйнөлүк казактар оюнду тай-казансыз өткөрүп башташкан жана аны "Көкпар" деп атап алышкан.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2013-жылы Астанада сегиз өлкө катышкан Азия чемпионатында да көк бөрү оюну тай-казан менен өткөрүлгөн.
Добавить комментарий ×