Кийинки жылдан тарта айдоочулук күбөлүктөр жаңы үлгүдө бериле баштайт

2 октябрь 2018 09:55 1029 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кийинки жылдан тарта  Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочу күбөлүгү   берилип баштайт. Бул тууралуу мамлекеттик  каттоо кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, күбөлүк чыдамдуулугу жогору болгон желимден жасалат.

Ошондой эле айдоочу тууралуу маалымат лазер аркылуу жазылып, ал өчпөйт жана аны жасалмалоо мүмкүн эмес. Бул Кыргызстандагы айдоочу күбөлүгүнүн төртүнчү мууну болуп калат. Жаңы документ 10 жыл жарактуу болушу пландалууда.

Белгилеп кетсек, сиз колдонуп жүргөн күбөлүктөр  мөөнөтүнүн  соңуна чейин колдонула берет, аны жаңыртуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kijinki-zhyldan-tarta-ajdoochuluk-kblktr-zhay-lgd-berile-bashtajt



Добавить комментарий